Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 3-февралы № 3/18
Жазы айылдык кеңешинин аймагында ченемдик укуктук актылардын долбоорун мамлекеттик тилде кароо жөнүндө
22-Февраль 2013-жылдагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүү киргизилип 2013-жылдын 1-мартынан баштап күчүнө киргендигине байланыштуу Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 22-Февраль 2013-жылдагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 26-беренесине ылайык Жазы айылдык кеңешинин аймагында жашаган калктын көпчүлүгү кыргыз тилин билгендиктен, айылдык кеңешинин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору мамлекеттик тилде гана каралсын,жүргүзүлсүн.
2.Токтомдун аткарылышы Жазы айылдык кеңешинин жоопту катчысы М.Акжоловага милдеттендирилсин.
Төрага: |
| К. Камчибеков |