Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу   айылдык  аймагынын кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы  № 1

Депутаттарды сессияга чакыруу жөнүндө  

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   биринчи сессиясын өткөрүү үчүн 2024-жылдын 19-январь  күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясын өткөрүү үчүн  2024-жылдын 19-январь күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  чакырылсын.

2.Кашка-Суу айылдык аймактык  кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага  жана айыл башчыларына   милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов