Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу   айылдык  аймагынын кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы  № 2

Кашка-Суу айылдык аймагынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө  

Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 38 496,5 (отуз сегиз миллион төрт жүз токсон алты миң беш жүз) сом суммасында жана чыгашалар боюнча 38 496,5  (отуз сегиз миллион төрт жүз токсон алты миң беш жүз) сом суммасында тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр)  чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

3.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аппаратына 23 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер  2 штат.

4.Кашка-Суу айылдык кеңешине 1 штаттык бирдик каралсын (айылдык кеңешинин жооптуу катчысы).

5.Клубдарга 15 штаттык бирдик каралсын,  анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 5 штат.

6.Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.

7.Токтомдун  аткарылышыны көзөмөлгө  алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

А. Баатыркулов