Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 5
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кабак айылындагы “Кара-Кабак” маданият үйүнүн башчысына 30% эмгек акы төлөө, 2 (эки) кызматкерине эмгек акы төлөөнү убактылуу токтотуу жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кабак айылындагы “Кара-Кабак” маданият үйү бузулуп, учурда убактылуу иштебей тургандыгына байланыштуу маданият үйүнүн башчысына 30% эмгек акы төлөп берүү жана көркөм жетекчи менен кароолчуга эмгек акы төлөөнү убактылуу токтотуу жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кабак айылындагы “Кара-Кабак” маданият үйү бузулуп, учурда убактылуу иштебей тургандыгына байланыштуу маданият үйүнүн башчысына 2024-жылдын январь айынан баштап эмгек акысынын 30 % төлөнсүн.
2.Көркөм жетекчи менен кароолчуга эмгек акы төлөө 2024-жылдын январь айынан баштап убактылуу токтотулсун.
3.Көркөм жетекчи менен кароолдун иш орду сакталсын.
4.Маданият үйүнүн курулуш иштери бүткөрүлгөндөн кийин эмгек акы төлөө улантылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |