Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу   айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы  № 9

Салык өлчөмдөрүнөн жеңилдиктерди бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  Салык кодексинин 411-беренесинде белгиленген жеңилдиктерди берүү жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз  Республикасынын  Салык кодексинин 411-беренесине ылайык 2024-жылга үй жанындагы короо-жай, жер участоктору боюнча салыктан 100 пайыздык чен менен  айыл аймактагы төмөндөгү белгиленген жарандарга жеңилдиктер берилсин:  

      -улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭС индеги аварияны жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар;

        -кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде эрезеге жеткенге чейинки балдары;

         - жеке жак-пенсиялык куракка жеткен Кыргыз Республикасынын жараны;

         -эрезеге жете элек 4 же андан ашык балдары бар жеке адам.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисияна тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов