Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 212 токтомуна) |
Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн), чыгуусунун (ташып чыгуунун) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоонун
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн), чыгуусунун (ташып чыгуунун) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоонун тартиби (мындан ары – Тартип) башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсү (ташып кирүү), чыгуусу (ташып чыгуу) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо боюнча ырааттуу аракеттерди жана талаптарды аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) автомобилдик транспорт каражаты (мындан ары – автотранспорт каражаты) – автомобиль транспортунун кыймылдуу курамынын бирдиги, анын ичинде автобустар, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдер, автомобиль чиркегичтери, сүйрөгүчтөргө жарым чиркегичтер, ошондой эле адистештирилген автомобилдер (жүктүн айрым түрлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган) жана атайын автомобилдер (ар түрдүү, көбүнчө транспорттук эмес жумуштарды аткаруу үчүн арналган);
2) автотранспорт каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк – автотранспорт каражатын жол кыймылына катышууга уруксат берүүнү ырастоочу документ;
3) транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси – бардык механикалык транспорт каражаттарында жана алардын чиркегичтеринде орнотулуучу, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте катталган, механикалык транспорт каражаттарын эсепке алуу жана алардын айдоочуларынын жолдо жүрүүсүн контролдоо үчүн колдонулуучу каттоо белгиси. Бул түшүнүк “Транзит” мамлекеттик каттоо номердик белгисине карата дагы колдонулат;
4) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаты – Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаты жок чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан эксплуатациялануучу жана бир эле учурда төмөнкү шарттарга ылайык келүүчү автотранспорт каражаты:
– Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган же турган жери бар жеке же юридикалык жакка таандык;
– Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган;
– Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу киргизилген.
Кыргыз Республикасынын аймагында жалпысынан 12 айдан ашык, олуттуу тыныгуусуз калган башка мамлекеттин каалагандай транспорт каражаты эл аралык кыймылда турат деп эсептелбейт. Олуттуу тыныгуу деп 180 календардык күндөн ашкан тыныгуу эсептелет;
5) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы (мындан ары – Мамлекеттик чек ара) – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аймагынын (кургактыктын, суунун, жер астынын жана аба мейкиндигинин) чектерин, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын эгемендиги колдонулган мейкиндик чегин аныктоочу сызык жана ошол сызык боюнча өтүүчү вертикалдуу тилке;
6) транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароо – Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда, ошондой эле анын чегинен тышкары жерлерде транспорт каражаттарын жол кыймылына катышууга жол берүү максатында транспорт каражаттарынын конструкциясынын тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайыктуулугун контролдоо;
7) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункту (мындан ары – өткөрүү пункту) – темир жол бекетинин (станциясынын), аэропорттун, аэродромдун чегиндеги эл аралык каттамдар (эл аралык учуулар) үчүн ачык аймак, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик контролдоо жана өткөрүү, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташып өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу атайын жабдылган жер.
2-глава. Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү
башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын тариздөө тартиби
3. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсү (ташып кирүү), чыгуусу (ташып чыгуу) “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эл аралык каттамды өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылат.
4. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү автотранспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө (ташып кирүүдө), чыгууда (ташып чыгууда) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасына (ТМЭБС) белгиленген тартипте төмөнкү документтерди киргизүү жолу менен чек аралык таризделүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жарандардын өз ара сапарлары жөнүндөгү эл аралык макулдашууларга ылайык Мамлекеттик чек арадан өтүү укугуна документ (транспорт каражатынын ээси жөнүндө маалыматтар);
2) транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк:
– каттоо (транзиттик) номери;
– маркасы, модели;
– тиби (жеңил, жүк ташуучу);
– автотранспорт каражатынын идентификациялык номери;
– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында башка ыкмалар менен катталган автотранспорт каражаттарын чек аралык тариздөөгө (анын ичинде автотранспорт каражатын башкаруучу адам ошол транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу же тескөө укугун тастыктаган документти көрсөткөндө, транспорт ээси ал жерде жок болсо) жол берилбейт. Мындай автотранспорт каражаттарына Мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык келишимдердин негизинде кирүүгө (ташып кирүүгө), чыгууга (ташып чыгууга) уруксат берүүдө ТМЭБСке кошумча төмөнкүдөй документтер киргизилет:
– ар кандай категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун тастыктаган документ (айдоочулук күбөлүк);
– транспорт каражаты ээси жок болгондо ошол транспорт каражатына ээлик кылуу, пайдалануу же тескөө укугун ырастоочу документ.
5. ТМЭБСке киргизилген маалыматтар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын маалыматтык системасы менен интеграцияланат жана автоматтык режимде автотранспорт каражатынын издөөдө жүргөндүгүн текшерүү жүргүзүлөт.
6. Автотранспорт каражатынын издөөдө жүргөнү аныкталганда мындай автотранспорт каражаты ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына аймагына жараша өткөрүлүп берилет.
7. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча аталган автотранспорт каражаттарына карата кабыл алынган чечим жөнүндө маалымдайт. Аларды сактоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтому менен бекитилген Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманын 48-пунктунда аныкталган тартипте ишке ашырылат.
8. Кыргыз Республикасынын жарандарына башка мамлекеттин каттоочу номердик белгилери жана автотранспорт каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү бар – каттоодон алынбаган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына айдап кирүүгө (ташып кирүүгө) тыюу салынат. Автотранспорт каражатынын идентификациялык номеринин жоктугу дагы мындай автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө (ташып кирүүгө) тыюу салуу үчүн негиз болуп саналат.
9. Өткөрүү пункттарында чек ара көзөмөлүнөн өткөндөн кийин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) тышкы чек арасындагы чет өлкөлүк автотранспорт каражаттары автотранспорт каражаттарын декларациялоо жана чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын андан ары жүргүзүү үчүн ЕАЭБдин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажы контролуна алынат, ал эми ЕАЭБдин ички чек араларында – товарларды эсепке алуу пунктуна которулат.
10. Автотранспорт каражаттарын убактылуу каттоого алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 76-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
3-глава. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу
органында катталган автотранспорт каражаттарын
Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо
11. Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) тиешелүү документтерди жана мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү менен автотранспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу;
2) автотранспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү;
3) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылга уруксат берүү үчүн шарттарды аткаруу;
4) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу.
Ушул пункттун 3-пунктчасынын талаптары чет өлкөлүк жаран же Кыргыз Республикасында жашап турууга укуксуз жарандыгы жок адам тарабынан пайдаланылуучу автотранспорт каражаттарына карата колдонулат.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан эксплуатациялоого “Жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин жол берилет.
13. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган, эл аралык жол кыймылына катышкан жана Кыргыз Республикасына алты айдан ашпаган мөөнөткө ташып киргизилген автотранспорт каражаттары милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш эмес.
14. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган, милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн автотранспорт каражаттары эксплуатациялоого жатпайт.
Ушул пункттун биринчи абзацынын талаптары мындай автотранспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына кирген (ташып киргизилген) күндөн тартып катары менен токсон календардык күндөн кем убакытта Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылга катышкан автотранспорт каражаттарына жана алардын чиркегичтерине карата колдонулбайт.
15. Автотранспорт каражаты “Жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацында каралган талаптарга ылайык келген учурда Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылда болгон деп эсептелет.
16. Эл аралык кыймылга катышуучу автотранспорт каражаты Мамлекеттик чек арадан өткөн учурдан тартып алты айга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында боло алат.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаты узактыгы отуз календардык күндөн кем эмес үзгүлтүксүз мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгарылууга тийиш. Автотранспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылда болуу мөөнөтү бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренесине ылайык чара колдонулат.
17. Эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылына катышууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык берилген төмөнкүлөр болгон учурда уруксат берилет:
1) автотранспорт каражатын, чиркегичти мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
2) автотранспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси;
3) стикер – мамлекеттин айырмалоочу белгиси (1968-жылдын 8-ноябрындагы Жол кыймылы жөнүндө конвенциянын 37-беренеси);
4) автотранспорт каражатынын техникалык кароодон өткөндүгүн ырастоочу документ;
5) автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими.
18. Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоого алардын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу шартында гана жол берилет.
19. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими “Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык түзүлөт.
20. “Жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде каралган учурларда транспорт каражаттарын эксплуатациялоого жол берилбейт.
21. Жол кыймылына катышкан автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоого тыюу салуу мындай тыюу салууга негиз болгон себептер четтетилгенге чейин жүзөгө ашырылат.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-майындагы № 261 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ