Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу   айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы  № 13

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесинде ачылган машыгуучу залды ижарага берүү жана машыгууга келген жарандардын төлөмү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесинде ачылган машыгуучу жайдын ижара акысы ар бир айга 3000 (үч миң) сомдон болуп бекитилсин.

 

2.Машыгууга келген ар бир эркек жарандарга айына 1000 (бир миң) сомдон, аялдарга айына 500 (беш жүз) сомдон төлөм төлөө бекитилсин. 

 

3.Токтомдун     аткарылышыны      көзөмөлгө     алуу  жагы  айылдык  кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

А. Баатыркулов