Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы  № 19

Жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө 

Кашка-Суу айыл  аймактык кеңешинин   VII чакырылышынын кезектеги биринчи     сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу  “Күңгөй-Өтөк”  участкасынын №326 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүндөгү 7,0  га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын сугат айдоо  түрүнө которууга  (трансформациялоого)    макулдук берилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа  боюнча туруктуу комиссиясына    тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов