Редакцияот 05.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы

 

2024-жылдын 5-февралы  № 3

Кашка-Суу ЖПБ нын жайыттарды башка максатта пайдалануу боюнча Кашка-Суу ЖПБ менен ООО “НУР Телеком” ишканасы гибридный контейнер орнотууга келишим түзүүгө макулдук берүү жөнүндө 

 

Кашка-Суу айыл  аймактык кеңешинин  VII чакырылышынын кезексиз  экинчи    сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма айылына узуну 3 метр, туурасы   2 метр жалпы 6 м 2 жерге   гибридный контейнер орнотууга жана  ООО “НУР Телеком” ишканасы менен Кашка-Суу ЖПБ келишим түзүүгө макулдук берилсин.

 

2.ООО “НУР Телеком” ишканасы менен Кашка-Суу ЖПБ тарабынан келишим түзүлүп, жайытты башка максатта пайдалануу жөнүндөгү типтүү келишимдин  жобосуна ылайык ар ай сайын 5000 (беш миң) сомдон жайыт акы алуу бекитилсин.

 

3.Тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү жана айылдык кеңешке бул жөнүндө маалымдап туруу жагы  Кашка-Суу ЖПБ нын төрагасы Р.Бакировко милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа  боюнча туруктуу комиссиясына    тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Баатыркулов