КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
2024-жылдын 5-февралы № 5
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Күңгөй-Өтөк” участкасындагы № 22 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жана чополуу жайыт эсебинде турган га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын сугат айдоо түрүнө которууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |