КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
2024-жылдын 5-февралы № 6
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Тели-Кум” участкасынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштак жайыт эсебинде турган 5,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |