Редакцияот 18.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-марты   № 2

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга ( трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин   сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Газ” участкасынын №457 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт эсебинде турган 200, 0 га жер аянтын металл иштетүүчү завод куруу үчүн  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов