КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 18-марты № 3
Мечитке ат ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылынын элинин макулдугун карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы Дастан көчөсүндөгү жаңыдан курулган мечитке Ачык-Суу айылынын элинин макулдугунун негизинде “Молдо Кыдырша” деген ат ыйгарылсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Суннатилла уулу Сайдалимбекке тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |