Редакцияот 18.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-марты   № 5

Көчөгө ат ыйгаруу жөнүндө

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма айылынын көчө тургундарынын Жайылма айылындагы жаңы түшкөн конушка маркум Абдужалилов Абдусатар Патдиновичтин атын коюу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу  айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма айылындагы жаңы түшкөн конушка  айыл элинин кайрылуусун эске алуу менен маркум Абдужалилов Абдусатар Патдиновичтин аты ыйгарылсын.

 

2.Көчөнүн тазалыгын жана ирээттүүлүгүн карап туруу маркум Абдужалилов Абдусатар Патдиновичтин уулу Абдужалилов Махаматкадыр Абдусатаровичке жана көчө башчысына тапшырылсын.

 

3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы уулу  Абдужалилов Махаматкадыр Абдусатаровичке  милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Баатыркулов