Редакцияот 08.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 8-апрели  № 2

Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын  № 735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” убактылуу жобого ылайык Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүлктөрүн жана документтерин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтомуна ылайык “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчы Г.А.Мадалиевге тапшырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген убактылуу жобого иш алып баруу ылайык иш алып баруу жагы “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына жүктөлсүн.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Баатыркулов