КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2024-жылдын 8-апрели № 3
Жайлоого көчүп кетүү жана көчүп түшүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элдин малын жайлоого көчүп чыгаруунун акыркы мөөнөтүн 2024-жылдын 25-майы жана жайлоодон көчүп түшүүнүнүн күнүн 2024-жылдын 15-сентябрдан кийинки мөөнөт бекитилсин.
2. Жайлоонун экинчи көчүү мөөнөтү 2024-жылдын 15-июлунан кийинкиге белгиленсин.
3.Белгиленген мөөнөткө чейин (15-сентябрь 2024-жыл) элдин эгинине түшкөн кара малга (жылкы, уй, топоз, эшек) биринчи жолу эскертүү берип, экинчисинде кайталанса мал башына 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө, майда малга 300 (үч жүз ) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
4.Белгиленген мөөнөткө чейин малдар түшсө (15-сентябрь 2024-жыл ) камалган малдын өлүмүнө эч ким жооптуу эмес экендиги белгиленсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |