КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 2
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Кашка-Суу айылдык аймагынын административтик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын сырткы чек арасын тактап-түзөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалы тарабынан түзүлгөн Кашка-Суу айыл аймагынын административтик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2.Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы А.Баатыркуловко жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге схемалык картага кол коюу жагы тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун көчүрмөсү Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Баатыркулов |