Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2024-жылдын 7-майы № 2
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кабак айылындагы “Кара-Кабак- Балыкты” участкасынан көмүр кенине геологиялык изилдөөгө (чалгындоого) макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кабак айылындагы “Кара-Кабак-Балыкты” участкасында жайгашкан көмүр кенине геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн айылдын чек арасынан сырткаркы аймактарга (чалгындоого) макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |