Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2024-жылдын 7-майы № 3
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылындагы памирлик-этникалык кыргыздар үчүн калктуу конуш катары бөлүнүп берилген 165 участканын ичинен 20 участканы Бурган-Суу айылынын участкага муктаж жарандарына бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылындагы памирлик-этникалык кыргыздар үчүн калктуу конуш катары бөлүнүп берилген 165 участканын ичинен 20 участканы Бурган-Суу айылынын турак-жай куруу үчүн участкага муктаж жарандарына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылындагы памирлик-этникалык кыргыздар үчүн калктуу конуш катары бөлүнүп берилген 165 участканын ичинен 20 участканы Бурган-Суу айылынын турак-жай куруу үчүн участкага муктаж жарандарына бөлүп берүүгө макулдук берүү жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким М.Т.Шамыркановтон суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |