Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 18-апрели ПЖ № 132
Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2025-жылдын 1-январынан тартып республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жүргүзүлсүн:
№ | Компенсацияга укуктуу жарандардын категориялары | Айына акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары | 10000 |
2 | Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары | 10000 |
3 | Концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары | 10000 |
4 | "За оборону Ленинграда" медалы жана/же "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар | 10000 |
5 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жаракат алган майып-аскер кызматчылары | 10000 |
6 | СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жарадар болуунун, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчылары | 10000 |
7 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары | 8000 |
8 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусуна чалдыккан жана жабыркаган адамдар | 10000 |
9 | 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар | 3500 |
10 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана/же медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу бар адамдар | 2000 |
11 | Саясий жана/же диний ынанымы үчүн социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чеккен реабилитацияланган жарандар | 1500 |
12 | 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар | 2000 |
13 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын натыйжасында курман болгондордун, нурлануу оорусунун кесепетинен каза болгондордун жана каза болгон майыптардын үй-бүлөлөрү | 1500 |
14 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдардын балдары (18 жашка чейинки) | 1500 |
15 | Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган майыптуулук тобу жок адамдар | 1000 |
16 | Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 1500 |
17 | Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 1500 |
18 | Кызматтык милдеттерин жана кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракат алуунун, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү | 1000 |
19 | Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1500 |
20 | Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1500 |
21 | "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар | 1000 |
22 | Көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар | 1000 |
23 | 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары | 1000 |
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 30 (3686) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |