Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 , 2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары - Министрлик) шаар куруу, архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча борбордук мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин түздөн-түз, ошондой эле ведомстволук, аймактык бөлүмдөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын башка аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт. Министрлик, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле ага баш ийген уюмдар бирдиктүү системаны түзөт.
4. Министрлик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле казыналык системасында жана казыналыктын агент-банктарында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
5. Министрликтин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
6. Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Курулуш министрлиги";
- расмий тилде: "Минстрой".
7. Министрликтин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
8. Министрлик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү саясат, контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүгүндөгү укук улантуучусу болуп саналат.
9. Министрликтин борбордук аппаратын каржылоо республикалык бюджеттин, атайын эсептин каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынан жүзөгө ашырылат.
2-глава. Министрликтин максаты
10. Министрликтин ишинин максаты шаар курууну, архитектура-курулуш ишин жана турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо-турмушуна жагымдуу чөйрөнү түзүү болуп саналат.
3-глава. Министрликтин милдеттери
11. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) шаар куруу, архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасын эл аралык уюмдарда көрсөтүү жана тейлеген чөйрөлөрдөгү эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу;
3) шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
4) мамлекеттик техникалык регламенттерди, курулуш ченемдерин жана эрежелерин, стандарттарды иштеп чыгууну, курулушка жер участокторун тандоону, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү, долбоорлоону, архитектураны, шаар курууну, курулушту, курулуш материалдарын өндүрүүнү жана турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүүнү координациялоо жана жөнгө салуу;
5) республикалык бюджеттин, эл аралык долбоорлордун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен социалдык объекттерди куруу, калыбына келтирүү жана реабилитациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
6) шаар куруу, архитектура-курулуш ишинде сертификаттоо системасын өнүктүрүү;
7) инвестициялык долбоорлордун алкагында тейлеген чөйрөлөрдө ченемдик талаптарды техникалык коштоо жана сакталышын контролдоо, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду колдоо;
8) тейлеген чөйрөлөрдө инвестициялык долбоорлорду натыйжалуу жөнгө салуу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу.
4-глава. Министрликтин функциялары
5. Министрлик төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу функциялары:
- Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу, макулдашуу жана экспертиза жүргүзүү тартибин аныктоо;
- жер участокторун тандоо жана пландарын даярдоо, калктуу конуштарда жер участокторуна укук берүү боюнча документтерди даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- өндүрүштүк жана жарандык турак жай багытындагы объекттерди куруу үчүн эксперименталдык, типтүү жана базалык долбоордук чечимдерди иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштуруу;
- шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү квалификациялык талаптарды, иштердин түрлөрүн лицензиялоо эрежелерин иштеп чыгуу;
- өндүрүштүк жана жарандык турак жай багытындагы имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле инженердик-техникалык инфраструктураны изилдөө жаатында ченемдик-методикалык камсыздоолорду ишке ашыруу;
- сметалык ченемдөөнүн ченемдик-методикалык көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу;
- баалардын өзгөрүү индекстерин, эмгек акыны эсептөө, курулуштун наркын аныктоодо колдонулуучу курулуш машиналарын жана материалдарды эксплуатациялоо методикаларын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы, билим берүү, саламаттык сактоо, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфраструктура, турак жай курулуш объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча "Бирдиктүү заказчынын" функцияларын аткаруу;
- шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө мамлекеттик программаларды жана инвестицияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик заказчынын функцияларын аткаруу, бул программалардын илимий-техникалык жана тажрыйба-конструктордук иштерин түзүүгө жана ишке ашырууга катышуу, ошондой эле мамлекеттик максаттар үчүн курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо объекттеринин тизмесин түзүү, алардын ишке ашырылышын контролдоо;
- Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүнүн чегинде энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу чөйрөсүндөгү программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды, анын ичинде максаттуу жана ведомстволук программаларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө мыйзамдарын ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган башка иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштуруу жана катышуу;
- Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүнүн чегинде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды, анын ичинде максаттуу жана ведомстволук программаларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган башка иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштуруу жана катышуу;
- БУУнун Майыптардын укугу жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу жана майыптыгы бар адамдардын архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү конституциялык укуктарын камсыз кылуу;
- курулуш, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү теориялык жана эксперименталдык изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруу;
- республиканын курулуш жана инженердик жогорку окуу жайларында ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбанын жетишкендиктерин кеңири алмашууга негизделген долбоорлоо практикасын, теориялык сабактарды жана чыгармачылык талкууларды комплекстүү пайдалануу менен окуу-тарбия процессинин заманбап моделин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- имараттарды жана курулмаларды изилдөө боюнча адистерди окутуу;
- Кыргыз Республикасынын региондорундагы турак жай чөйрөсүнүн абалына мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
- турак жай курулушун өнүктүрүүгө дем берүү программаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана координациялоо;
2) жөнгө салуу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык шаар куруу жана архитектура-курулуш ишин лицензиялөө, курулуш тармагындагы жана имараттардын энергиялык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди мамлекеттик квалификациялык сертификаттөө, өшөндөй эле берилген сертификаттардын жана лицензиялардын реестрин жүргүзүү;
- шаар куруу, архитектура-шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштуруу;
- техникалык жана автордук көзөмөлдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартибин белгилөө;
- шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө мамлекеттик эмес эксперттик борборлорду аккредитациялоону жана эксперттерди аттестациялоону ишке ашыруу;
- калктуу конуштардын жерлерин пайдалануу жана курулуш иштерин жүргүзүү эрежелерин түзүүнүн тартибин иштеп чыгуу;
- шаарлардын жана калктуу конуштардын чек араларынын (чектеринин) долбоорлорун макулдашуу;
- шаар куруу документтеринин, курулуш иштерин жүргүзүү жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде шаарларда, калктуу конуштарда жана рекреациялык зоналарда курулуш иштерин жүргүзүүнү жана жер пайдаланууну жөнгө салуу;
- ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча тарыхый-маданий комплекстердин жана башка өзгөчө жөнгө салынуучу зоналардын аймагында курулуш маселелерин жөнгө салуу;
- мамлекеттик шаар куруу кадастрын түзүү, жүргүзүү жана ага контроль жүргүзүү;
- белгиленген тартипте курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын шайкештигин ырастоо процессин уюштуруу;
- курулуш объекттеринин жана болгон кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүлөрдүн реестрин жүргүзүү;
- имараттардын жана курулмалардын окторун жана чектерин, негизги магистралдык инженердик коммуникациялардын окторун, ошондой эле чектөөлөрдүн линиялык параметрлерин жеринде (натуралай көрсөтүлүшүн) белгилөө;
- имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ченемдерди аткаруу;
- курулушу бюджеттик каражаттардын, гранттык жана кредиттик каражаттардын эсебинен каржылануучу курулуш объекттеринин сметалык наркын аныктоонун аныктыгын текшерүү;
- тиешелүү органдар менен бирдикте техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензияларды, корутундуларды жана башка уруксат берүүчү документтерди текшерүү боюнча иш-чараларга катышуу;
- курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына сыноолорду жүргүзүү;
3) координациялоо функциялары:
- тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү илимий-изилдөө, долбоорлоо-технологиялык жана конструктордук иштерди уюштуруу жана координациялоо жана алардын натыйжаларын жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тейлеген чөйрөлөрдө калкка кызмат көрсөткөн субъекттердин ишин координациялоо жана контролдоо;
- ченемдик талаптардын сакталышын камсыз кылуу жана инвесторлорду колдоо менен, тейлеген чөйрөлөрдө инвестициялык долбоорлорду уюштуруу жана координациялоо, техникалык коштоо жана контролдоо;
4) көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:
- шаарлардын жана калктуу конуштардын башкы пландары менен бекитилген, курулуш-монтаждоо иштеринин өндүрүшүндө иштелип чыккан шаар куруу жана архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин жана башка ченемдик документтердин талаптарынын сакталышына, ошондой эле ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан колдонулуучу курулуш материалдарынын, конструкцияларынын жана буюмдарынын сапатына мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жана контроль жүргүзүү;
- курулушу бүткөн объекттерди эксплуатациялоого кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өзүм билемдик менен курулган фактыларды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестрине ылайык иштерди аткаруу;
5) колдоо функциялары:
- Министрликтин компетенциясынын чегинде финансылык болжолдоо жана пландоо;
- кирешелердин, чыгашалардын сметаларын иштеп чыгуу жана бекитүү жана Министрликти, анын ичинде ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдү, ошондой эле уюмдарды каржылоо бөлүгүндө республикалык бюджеттин аткарылышын уюштуруу;
- ички контролдоо системасынын эффективдүүлүгүнө жана финансы-чарбалык иштин натыйжалуулугуна баа берүү, ошондой эле Министрликтин компетенциясынын чегинде баалоонун натыйжалары боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- жарандардын жана уюмдардын Министрликтин маалыматтык ресурстарына жетүү укуктарын ишке ашыруу;
- архитекторлордун, инженерлердин, дизайнерлердин жана шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана ойлоп табууларды иштеп чыгууга катышкан башка адистердин автордук укуктарын коргоого катышуу;
- өзгөчө кырдаалдар зоналарында курулуп жаткан жана эксплуатацияланылып жаткан имараттардын жана курулмалардын аварияларынын, урап калууларынын себептерин иликтөө боюнча комиссиялардын ишин уюштурууга катышуу, изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча корутундуларды берүү;
- мамлекеттик жарандык кызматчыларынан тышкары, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, ошондой эле уюмдардын кызматкерлерин аттестациялоо;
- ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, ошондой эле уюмдардын финансы-чарбалык ишин, анын ичинде каражаттардын максаттуу пайдаланылышын жана бекитилген чыгашалар сметаларынын аткарылышын контролдоо;
- ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, ошондой эле уюмдардын ишине мониторинг жүргүзүү;
- Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактарга түшүндүрмөлөрдү берүү;
- белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүү;
- инвестициялык долбоорлордун маалымат базасын түзүү, инвесторлорго колдонуудагы техникалык талаптар жана ченемдик база жөнүндө маалыматтарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликке жүктөлгөн башка функциялар.
5-глава. Министрликтин укуктары
13. Министрлик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүндө чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө;
2) белгиленген иш чөйрөсүндө төмөнкү ченемдик техникалык документтерди өз алдынча кабыл алууга:
- жер участогунун шаар куруу планынын формасын;
- долбоордук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибин;
- инженердик изилдөөлөр, долбоордук документтерди даярдоо жана курулуштун коопсуздугуна таасир этүүчү курулуш боюнча иштердин түрлөрүнүн тизмегин;
- курулуш объекттерине документтерди долбоорлоо үчүн атайын техникалык шарттарды иштеп чыгуунун жана макулдашуунун тартибин;
- эрежелердин жыйындысын жана башка ченемдик техникалык документтерди, аларды колдонуунун натыйжасында курулуштун коопсуздугунун талаптарынын сакталышы камсыз кылынат;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу курулуш объекттеринин сметалык наркын аныктоодо колдонулууга тийиш болгон сметалык ченемдерди иштеп чыгуунун тартибин;
- курулушу бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу курулуш объекттеринин сметалык наркын аныктоодо колдонулууга тийиш болгон сметалык ченемдердин реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу курулуш объекттеринин сметалык наркын белгилөөнүн аныктыгын текшерүү жөнүндө корутундунун формасын, ошондой эле мындай корутундуну тариздөөнүн тартибин;
- турак жай фондун мамлекеттик эсепке алуунун тартибин;
- турак жайды кайра курууну жана (же) кайра пландоону макулдашуу же макулдашуудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алууну ырастаган документтин формасын;
- турак жайды турак жай эмес жайга жана турак жай эмес жайды турак жайга которуу тууралуу чечим кабыл алууну ырастаган документтин формасын;
- бардык жайлары мамлекеттик менчикте турган көп батирлүү үйдү башкаруунун тартибин;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, коммуналдык комплекс уюмдарынын иши чөйрөсүндөгү тарифтерди жана үстөктөрдү эсептөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
- имараттардын, курулмалардын жана курулуштардын энергиялык натыйжалуулугуна талаптарды;
- көп батирлүү үйлөрдүн энергиялык натыйжалуулугунун классын аныктоонун эрежелерин;
- инженердик изилдөөлөрдүн материалдарынын жана маалыматтарынын мамлекеттик фондун түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин;
- Министрликтин муктаждыктарын жана Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн заказдарды жайгаштыруу жана мамлекеттик контракттарды түзүү, товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук, технологиялык иштерди жүргүзүү келишимдерин жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүү тартибин;
- Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишинин экономикалык натыйжалуулугун талдоону жүргүзүүнүн жана алардын ишинин экономикалык көрсөткүчтөрүн бекитүүнүн тартибин;
- Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө финансы-чарбалык ишти жана мүлктүк комплексин пайдаланууну текшерүүнүн тартибин;
- коюлган талаптар ченемдик документтерде толук же жарым-жартылай регламенттелбеген, имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү ага жараша болгон жаңы продукцияны курулушта пайдалануу үчүн жарактуулугун ырастоо тартибин;
- долбоордук документтердин экспертизасынын жана (же) инженердик изилдөөлөрдүн натыйжаларынын экспертизасынын корутундуларын даярдоонун тартибин;
- курулуш объекттерине долбоордук документтерди иштеп чыгуу үчүн атайын техникалык шарттарды белгиленген тартипте макулдашуунун тартибин;
3) тейлеген иш чөйрөлөрүндө иштөө үчүн илимий жана башка уюмдардын өкүлдөрүн, окумуштууларды жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди белгиленген тартипте тартууга;
4) кеңешүүчү жана эксперттик органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду, коллегияларды) түзүүгө;
5) аткаруу бийлик органдарынан, юридикалык жактардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон документтерди, материалдарды жана маалыматтарды берилген ыйгарым укуктарынын чегинде суроого;
6) лицензиялык жана сертификациялык талаптарды бузуу фактылары боюнча лицензияларды жана квалификациялык сертификаттарды мыйзамда белгиленген тартипте жокко чыгарууга, колдонулушун токтото турууга;
7) чет өлкөдө өткөрүлүүчү сыноолорго, эксперименттерге катышууга;
8) өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана башка актыларды чыгарууга;
9) жогору квалификациялуу (анын ичинде чет өлкөлүк) адистерди келишимдик негизде ишке тартууга;
10) өзүнүн компетенциясынын же берилген ыйгарым укуктардын чегинде чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана тапшыруусу боюнча эл аралык келишимдерге кол коюуга;
12) Министрликтин компетенциясына кирген иштин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык, донордук жана коомдук уюмдардын финансы жана материалдык каражаттарын тартууга;
13) өзүнүн компетенциясынын алкагында белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
14) белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
15) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана Министрликтин башка сыйлыктарын уюштурууга, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч берүүгө;
16) Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүндө конгресстерди, конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүүнү уюштурууга;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын эсеп ачууга;
18) Министрликтин чектүү штаттык санына жана башкаруу схемасына ылайык Министрликке караштуу аймактык башкармалыктарды түзүүгө;
19) архитектура-курулушту көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн:
- белгиленген тартипте бардык уюмдарда менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жазма буйруктарды берүүгө;
- мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга текшерүүдө аныкталган шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү талаптарды бузууларды четтетүү жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон жазма буйруктарды (билдирүүлөрдү, көрсөтмөлөрдү) киргизүүгө;
- текшерүүлөрдү жүргүзүүдө даярдоочулардан (аткаруучулардан, сатуучулардан) милдеттүү түрдө шайкештигин ырастоого тийиш болгон продукцияга шайкештик декларацияларын же шайкештик сертификаттарын көрсөтүүнү талап кылууга;
- бузуулардын мүнөзүн жана татаалдыгын эске алуу менен аныкталуучу мөөнөттө бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
- соттун чечиминин негизинде материалдарды, продукцияларды, конструкцияларды, буюмдарды, жабдууларды жана башка объекттерди өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана эксплуатациялоо процесстерине толук же жарым-жартылай тыюу салуу (токтото туруу) боюнча аракеттерди көрүүгө;
- түздөн-түз же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кызыкдар адамдарга жана потенциалдуу керектөөчүлөргө сатылып жаткан кооптуу же контрафакттык (жасалма) продукция жөнүндө кабарлоого;
- адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан өзгөчө кырдаалдарда (экологиялык жана техногендик мүнөздөгү авария коркунучу же пайда болушу), адамдардын ден соолугунун абалына жана айлана-чөйрөгө жол берилгис таасир этүүнүн себептерин жана булактарын аныктоо максатында жазуу жүзүндөгү багыттаманы албастан, күнү-түнү каалаган убакта текшерүүлөрдү токтоосуз жүргүзүүгө, аларды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө;
- укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароого, берилген ыйгарым укуктардын чегинде юридикалык жана жеке жактарга, кызмат адамдарына жана кызматкерлерге айып пулдарды салууга жана башка түрдөгү жазаларды колдонууга;
- бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды көзөмөлдөө, сот жана укук коргоо органдарына берүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн эксперттердин жана адистердин ичинен белгиленген тартипте жумушчу топторду түзүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын, жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардын көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
- өзү билемдик менен курулуп жаткан объекттерди жана курулушу аяктап эксплуатациялоого берилген объекттерди бекитилген шайкештигин баалоосуз эксплуатацияланып жаткан объекттерди, ошондой эле мыйзамдардын жана башка ченемдик документтердин талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жаткан курулуш, реконструкциялоо, кеңейтүү жана башка жумуштарды мыйзамда белгиленген тартипте токтото турууга же тыюу салууга;
- уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү бузуулар боюнча түшүндүрмө берүү үчүн чакырууга;
- шаар куруу ишинин субъекттеринен, алардын ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан, курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу жөнүндө, анын ичинде сыноолордун натыйжаларын жана аткаруу документтерин жана объекттерди куруу укугуна уруксат берүүчү, аткаруу жана долбоордук-сметалык документтердин бар экендиги жөнүндө башка маалыматтарды суроого жана алууга;
- кошумча лабораториялык жана башка сыноолорду, сүрөткө тартууларды жана өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн подряддык курулуш уюмдарынан имараттардын жана курулмалардын айрым конструкциялык элементтерин ачууну талап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн лицензиялардын жана сертификаттардын колдонулушун убактылуу токтото туруу же жокко чыгаруу зарылдыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиялоо жана сертификаттоо органдарына маалымат жөнөтүүгө;
- мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын бузуу менен даярдалган, шайкештикти сертификаттоодон өтпөгөн, ошондой эле туура эмес сактоонун, жыюунун, ташуунун натыйжасында сапаттык мүнөздөмөсүн жоготкон материалдарды, конструкцияларды жана буюмдарды сатууга жана пайдаланууга тыюу салууга жана аларды колдонуунун шарттарын белгилөөгө;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде ишеним кат боюнча соттордо доогер жана/же жоопкер катары чыгууга;
- Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордо мамлекеттин атынан юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгууга жана акционердин укуктарын ишке ашырууга.
6-глава. Министрликтин ишин уюштуруу
14. Министрликти мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри (мындан ары - министр) башкарат.
15. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралат.
16. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
18. Министр:
1) Министрликтин ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар менен мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, белгиленген тартипте Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коёт;
3) өзүнүн компетенциясынын же берилген ыйгарым укуктардын чегинде чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана тапшыруусу боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт;
6) министрдин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
7) Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка тартип каралбаса, белгиленген ченемдердин чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык расписаниесин бекитет;
9) Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык бөлүмдөрү, аймактык башкармалыктары, анын ичинде ведомстволук бөлүмдөрүнүн филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
10) Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте борбордук аппараттын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
12) аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
13) ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунуштарынын негизинде аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
15) Министрликтин системасынын кызматкерлери үчүн аткаруу милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
16) Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
17) белгиленген тартипте Министрликтин мүлкүн тескейт жана башкарат, бүтүмдөрдү түзөт;
17-1) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат;
17-2) ведомстволук бөлүмдөрдүн, алардын аймактык башкармалыктарынын, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын, анын ичинде кызматтык маянага эселөө коэффициенттерин, жалданма кызматкерлердин жасаган ишине эмгек акы төлөөнүн пайыздык ставкаларынын өлчөмдөрүн жана өзүн каржылоо принциптеринде иштеген сыйлыктарды жана башка дем берүүчү төлөмдөрдү төлөө тартибин белгилейт;
18) белгиленген тартипте Министрликтин системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардактуу наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
19) Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;
20) аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн, ошондой эле архитектура-шаар куруу жана архитектуралык-техникалык кеңештердин Кыргыз Республикасынын шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген чечимдерин жокко чыгарат, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе;
21) аймактык же ведомстволук бөлүмдөр, анын ичинде алардын аймактык башкармалыктары тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген уруксат берүүчү документтерди, анын ичинде шаар куруу корутундуларын, долбоордук документтерди макулдашууну, мамлекеттик экспертизанын корутундуларын жана курулуп жаткан объекттердин реестрине жазууларды "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жокко чыгарат (чакыртып алат);
22) ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берет;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын карамагына киргизилген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алышат, иштин тейлеген багыттары боюнча ишти уюштурат.
20. Министрликте 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары жана Министрликтин укуктук маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү тартипте макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуш маселелерин тейлеген бир өкүлү кирет.
Коллегиянын курамына каралуучу же тейлеген маселеге жараша Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет.
Министрликтин коллегиясы Министрликтин ишинин кыйла маанилүү маселелерин карайт.
Коллегиянын чечимдери токтом түрүндө кабыл алынат жана министрдин буйругу менен ишке ашырылат. Коллегиянын ишинин тартиби министр тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.
21. Министрликте мамлекеттик жарандык кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
22. Ведомстволук бөлүмдөр жана уюмдар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилүүчү жоболорго ылайык өз алдынча жүзөгө ашырат жана түздөн-түз Министрликке баш иет.
23. Аймактык бөлүмдөр жана башкармалыктар, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөрдүн филиалдары жана өкүлчүлүктөрү өз ишин Министрлик тарабынан бекитилүүчү жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.
7-глава. Корутунду жоболор
24. Министрликти кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
25. Министрликтин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.