САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII-шайланышынын кезекcиз чакырылышынын-X-сессиясы
2022-жылдын 22-январы № 3
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү «КРнын 2022-жылга карата республикалык бюджети» жөнүндөгү, «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун финансы-экономикалык негиздери» жөнүндөгү, КРнын Салык Кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жеткирилген контролдук цифранын негизинде айылдык кеңештин «Пландоо-бюджет боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып» 2022-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жөнүндөгү финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Далбаев Уландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булуң айылдык Кеңешинин (VIII-Шайланышынын) кезексиз чакырылган X –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:.
1. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы киреше бөлүгү 8294,8 миң чыгаша бөлүгү 2022-жылга карата 8294,8 миң сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2022-2023 жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу № 2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүн болжолу жактырылсын:
2023-жылга 8416,8 миң сом суммасында.
2024-жылга 8505.8 миң сом суммасында
3. 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү № 3 тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 1% -78,1 миң сом суммасында резервдик фонду бөлүп бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн аппараттын структурасы жана штаттык түзүмү № 5 тиркемеге ылайык, маданият тармагынын кызматкерлеринин штаттык түзүмү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер ( эмгек акы, соц. фонддуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (электрэнергия, көмүр, суу, телефон байланышы жана башка көрсөтүүлөрдү шарт түзүү 100,0 миң сомго) жүргүзүлсүн
8. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген электр энергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу, ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын
9. Бюджеттик укуктардын негизги принциптерине ылайык 2021-жылдын тармактар арасында каржыланбай калган статьялардын эсебинен жылыштырууга уруксат берилсин.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык өзгөчө кырдаалды алдын ала боюнча 200,0 миң сом өлчөмүндүгү кол тийгис акча каражаты каралсын.
11. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү курулуш беренесинен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын 18-беренесине ылайык каналдарды ремонтоого, көчөлөрдү жарыктандырууга, муниципалдык менчикте турган ички жолдордун ремонтуна акча каражаты каралсын.
12. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» органынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү 33 мыйзамынын 5 пунктуна ылайык айылдык кеңештин төрагасына чегерилүүчү эмгек акынын өлчөмү айыл өкмөтүнүн башчысынын негизги эмгек акысынын бир күндүк өлчөмүнө жана сессиянын өткөрүү көлөмүнө жараша эсептелип төлөнүп берилсин.
13. Айыл өкмөтүнө караштуу социалдык обьектилерге сапатуу жана толук каржылоо максатында «КРнын 2021-жылга карата республикалык бюджети» жөнүндөгү «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун финансы-экономикалык негиздери» жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык жыл ичинде контролдук цифрадан ашыкча каржыланып кеткен чыгымдарга, каржыланбай калган статьялардан жылыштырууга уруксат берүүңүздөрдү жана 2021-жылга карата айыл өкмөтүнүн жеткирилген контролдук цифраны бекитип берүүңүздөрдү сурайт.
14. Токтом Кырыгыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайытына жарыялансын.
15. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
16. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Сары-Булуң айылдык Кеңешинин алдындагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комисиясына жана Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы |
Эпээва В.М. |