Редакцияот 15.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII-шайланышынын кезекcиз чакырылышынын-XI-сессиясы

 

2022-жылдын 15-февралы № 6

 

Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан долбоор боюнча жалпы элдик жыйындын отурумун бекитүү жөнүндө

Сары-Булуң айыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевдин билдирүүсүн угушуп жана талкуулап Сары-Булуң айылдык Кенешинин (VIII- шайланышынын) кезекcиз чакырылышынын XI –сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т

 

1. Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Табылгыты айылынын элинин жалпы чогулушунун отурумунун токтому жактырылсын.

2. Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Сары-Булуң каналын ремонттоого жана башкы соружениясын оңдоп чыгуу боюнча долбоорун сунуштаган Табылгыты айылынын элинин жалпы чогулушунун отурумунун токтому жактырылсын.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайытына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдындагы, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сары-Булуң айылдык кеңешинин

төрайымы

 

Эпээва В.М.