Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 18-марты № 60
2024-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Жеке сектордун операцияларын уюштуруу жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Жеке сектордун операцияларын уюштуруу жөнүндө алкактык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондуна белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 31 (3687) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |