Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 01-апрелиндеги № 11
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу, Табылгыты айылдарынын 25.03.2022-жылдагы протоколун бекитүү жөнүндө
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу, Табылгыты айылдарынын 25.03.2022-жылдагы протоколун бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угушуп жана депутаттар талкуулашып Сары-Булуң айылдык Кеңешинин (VIII-шайланышынын) кезексиз чакырылышынын XIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу, Табылгыты айылдарынын 25.03.2022-жылдагы протоколу бекитилсин. (протокол тиркелет).
- Сары-Булуң айыл аймагынын алдындагы муниципалдык ишканага Беларус-82 тракторун чиркегичи (прицеп) алууга Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. Олжотоевге долбоор жазып “Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусуна ” сунуштоо жагы милдеттендирилсин.
2. Сары-Булуң айыл аймагына “Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусунун” бюджеттик каражатынын эсебинен жазылган долбоордун негизинде акча каражатын бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчынын милдетин аткаруучуга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булун айылдык кеңешинин алдындагы, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик ички жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы |
Эпээва В.М. |