Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-апрелиндеги № 14
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн кара-Талаа участкасынын Таш-Сарай аймагындагы сарайларга столба коюга жер бөлүп берүү жөнүндө
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана Айылдык кеңешке Кара-Суу айылынын тургуну С.Саркулаковдун 21.02.2022-жылы жазган арызынын негизинде, айыл өкмөтүнүн сунушун айыл чарба, жер, турак жай, курулуш, архитектура жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте талкуулап Сары-Булуң айылдык кеңешинин (VIII- шайланышынын) кезексиз чакырылышынын ХIV –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Суу айылынын тургуну С.Саркулаковдун 21.02.2022-жылы Таш-Сарай участкасынын аймагындагы сарайларга столба коюуга жер бөлүп берүү боюнча арызы канааттандырылсын.
2. Кара-Талаа участкасынын пайдаланылбай калган 21метр² латоктун жээгинен столба орнотууга айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Рысбековго жүктөлсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайытына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булуң айылдык Кенешинин торайымынын орун басары С.Жумабек уулуна аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Олжотоевге тапшырылсын.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы |
Эпээва В.М. |