Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-марты № 154
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алуулардын ачыктыгын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун тиркелген типтүү тартибинде:
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Заказчы системада жашырын сатып алууларды кошпогондо, жүргүзүлгөн сатып алуулар жөнүндө отчетту кварталдык негизде жайгаштырат. Отчетто сатып алуулардын жүргүзүлгөн методдору, контрагенттердин аталыштары, сатып алуулардын суммалары жана предметтери жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Системада маалыматты жарыялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган системанын функционалын модернизациялоо аяктаганга чейин заказчы ыйгарым укуктуу органга ал бекиткен формат боюнча квартал сайын отчет берип турат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 57-1-пункт менен толукталсын:
"57-1. Келишим түз түзүлгөндөн кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен заказчы системада сатып алуунун баасы жана предмети, контрагент жана келишимди түз түзүү методун тандоону негиздөө менен келишимди түз түзүү жөнүндө чечим кабыл алган заказчынын кызмат адамдары жөнүндө маалыматты жайгаштырат.
Системада маалыматты жарыялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган системанын функционалын модернизациялоо аяктаганга чейин заказчы келишимди түз түзүү жөнүндө маалыматты расмий веб-сайтка жайгаштырат. Заказчынын расмий веб-сайты жок болгон учурда маалымат тейлеген тармактык мамлекеттик же муниципалдык органдын веб-сайтына ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |