Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-марты № 2908-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-бөлүмдө:
а) 1.2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Жогорку Кеңештин Төрагасынын өлкө ичиндеги, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө болгон иш сапарларынын, анын ичинде суткалык чыгымдары, жашап турууга кеткен чыгымдары, тамак-аш жана транспорт пайдалануу, байланыш кызматтарын көрсөтүү, орун жай ижаралоо үчүн чыгымдарынын ордун толтуруу, ошондой эле сыртка чыгуусуна жана авиаучууларына байланышкан иш жүзүндөгү транспорттук чыгымдарынын (авиабилеттер, күйүүчү-майлоочу материалдар, автомашиналарды жалдоо ж.б.у.с.) ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын атайын эсебинен жүзөгө ашырылат.";
б) 1.7-пункт алып салынсын;
2) 3-бөлүмдө:
а) 3.1-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогоруда көрсөтүлгөн Аппарат кызматкерлерин иш сапарларына жиберүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары тарабынан иш сапарына баруунун максатын, бара турган жерин, кызматтык иш сапарынын так мөөнөттөрүн жана төлөмдү көрсөтүү менен жүйөлөштүрүлгөн каттын негизинде кабыл алынат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү аталган каттын жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын резолюциясынын негизинде тескеменин долбоорун даярдайт.";
б) 3.2-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "(депутаттардын жардамчылары жана консультанттары)" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамчылары жана консультанттары кызматтык иш сапарларына Жогорку Кеңештин депутаты республика боюнча шайлоочулар менен иштеген учурунда чыгышат.".
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |