САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жыл 30-январындагы №12
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаңы-Абад айылындагы
Смарт дженирейшин коомдук фонду тарабынан таза суу
чыгарылган скважина жөнүндө
2023-жылдын 17-апрелиндеги, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясында, Сайдыкум айыл аймагындагы Жаңы-Абад айылынын тургуну Муктаров Турсунбай Шакапжановичтин жазган арызынын негизинде кабыл алынган №8-токтому жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 17-апрелиндеги, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясында, Сайдыкум айыл аймагындагы Жаңы-Абад айылынын тургуну Муктаров Турсунбай Шакапжановичтин жазган арызынын негизинде кабыл алынган №8-токтому жараксыз деп табылсын.
2. Сайдыкум айыл аймагындагы Жаңы-Абад айылындагы Смарт дженирейшин коомдук фонду тарабынан таза суу чыгарылган суу скважинасы 1600,0 чарчы метр ээлеп турган жер аянтынын 300,0 чарчы метр жер тилкесине таза суу скважинасына мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Калган 1300 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кабыл алынсын жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы
|
Э.И.Досов |