Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №2
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылга бюджет долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-, 117-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алуу менен, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V–сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгү боюнча жалпы 175391,2 миң сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 149391,2 миң сом, ал эми атайын каражат эсебинен (ата энелердин эсебинен чогула турган акча каражат) 26000,0 миң сом бекитилсин.
Базар-Коргон шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга болжолдуу киреше болугу 179074,0 миң сом, 2027 жылга болжолдуу кирише бөлүгү 195237 миң сом болжолдонсун.
2. Базар-Коргон шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 01-январына карата калдык 17496,7 миң сом, атайын эсепте 111,9 миң сом.
3. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын корголуучу элементтерине аппарат кызматкерлеринин жана маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин эмгек маянасы үчүн 40603,3 миң сом, социалдык фондго төлөмдөргө 5167,1 миң сом, кызматтык кыдырууларга чыгашалары 617,5 миң сом, байланыш кызмат көрсөтүүсүнө 500,0 миң сом, транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө 2235,7 миң сом көмүр, отун сатып алууга 6033,0 миң сом, коммуналдык кызматтарга (таза суу акысы мектептер жана бала бакчалары) 400,0 миң сом, резервный фондго 1471,4 миң сом, Базар-Коргон шаарынын калкын материалдык жактан жардам көрсөтүү максатында 2000,0 миң сом материалдык жардам (5,0 миң сомдон 20,0 миң сомго чейин, чет мамлекетке чыгып дарылануу үчүн 50,0 миң сом) өлчөмүндө бекитилсин.
4. Базар-Коргон шаарына караштуу «Тазалык» муниципиалдык ишканасына элден чыккан таштандыларды ташуу үчүн 15000,0 миң сом, бекитилсин.
5. Айыл чарба депратамент ишканасына бюджети 3 эсеге көбөйтүлүп 2593,9 миң сомго жана эки кызматкердин эмгек маянасы камыштарды жок кылуу үчүн 2500,0 субсидия катары бекитилсин.
6. Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу «Базар-Коргон сууканал» ишканасына көп кабаттуу үйлөрдү жана борбордук стадиондун ажаатканасынын саркынды сууларын борбордук саркынды сууларга туташтыруу үчүн ремонттоого 2000,0 миң сом акча каражаты субсидия катары бекитилсин.
7. Базар-Коргон шаарына караштуу балдар бакчаларынын корголгон статьялары үчүн 200,0 миң сом, СЭС жана лабораториялык текшерүүдөн өтүү үчүн 170,0 миң сом, жабдуулар жана (огнетущитель) сатып алуу үчүн 850,0 миң сом, чарбалык товарлар сатып алуу үчүн 600,0 миң сом, мүлктү учурдагы ремонту үчүн 700,0 миң сом, №27 Мамалак, №33 Айшола, №41 Нурбакыт, №36 Айкөл, №31 Нур балдар бакчаларын ижара акысы үчүн 1000,0 миң сом бекитилсин.
8. Атайын каражаттар эсебине (ата энелердин эсебинен чогула турган акча каражат) 26000,0 миң сом бекитилсин.
9. Базар-Коргон шаарына караштуу орто жана тогуз жылдык мектептердин корголгон статьялары үчүн 295,0 миң сом, эмеректер сатып алуу үчүн 629,7 миң сом мүлктү учурдагы оңдоо үчүн 200,0 миң сом жана чарбалык товарлар сатып алуу үчүн 200,0 миң сом бекитилсин.
10. Базар-Коргон шаарына караштуу көчөлөргө жаңы асфальт төшөөгө 25000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
11. Базар-Коргон шаарына караштуу жаңы конуштарга зым столба электро чубалгыларын жана трансформатор сатып алуу үчүн 3000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
12. Базар-Коргон шаарына караштуу көчөлөргө жана талаа жолдоруна трубага 150,0 миң сом бекитилсин.
13. Базар-Коргон шаарынын аппарат кызматкерлери эмеректер 400,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
14. Базар-Коргон шаарына караштуу көчөлөрдү жана талаа жолдорун сүрүүгө солярка үчүн 300,0 миң сом, акча каражаты бекитилсин.
15. Жыл ичинде боло турган майрамдарга карата жана спорттук иш чараларга өткөрүү жана колдоо үчүн 4980,0 миң сом, бекитилсин.
16. Базар-Коргон шаарына караштуу балдар бакчаларында тарбиялануучу балдардын тамак аш үчү ата энелерден күнүнө бир балага 50 сомдон акча каражаты алынат.
17. Көрнөк жарнактарды жасатып илдирүү үчүн 200,0 миң сом, бекитилсин.
18. Өзгөчө кырдаалдар учуруна Базар-Коргон шаарында Республика боюнча кол тийгис акча каражаты үчүн 200,0 миң сом, бекитилсин.
19. Көкчө-Көз айылындагы Кара-Үнкүр дарыясын бекемдөө үчүн 800,0 миң сом бекитилсин.
20. Жолбун жургөн иттерди атуу үчүн 200,0 миң сом бекитилсин.
21. Беш-Бадам айылындагы яма беккердин дезинфекциялоо үчүн 65,0 миң сом бекитилсин.
22. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн акысы 5917,4 миң сом, бекитилсин.
23. Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасына асфальт көчөлөрдүү жуу үчүн водавоз сатып алуу үчүн 3900,0 миң сом бекитилсин.
24. Курулуш куруу иштери үчүн 37567,5 миң сом бекитилсин.
25. Көчөлөргө шагал төгүү үчүн 500,0 миң сом бекитилсин.
26. Жаңы ремонттон өткөрүлгөн Бабур атындагы маданият үйүн эмеректер менен камсыздоо үчүн 2500,0 миң сом бекитилсин.
27. Фондтор менен жана долбоорлор менен Лизинг аркылуу техника сатып алуу үчүн (3000,0 миң сом) бекитилсин.
28. Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам айылындагы Сибирь ачасынын кароолунун эмгек маянасы 60,0 миң сом социалдык фондго төлөмдөргө 10,4 миң сом бекитилсин.
29. Келишим түзүлүп толук аткарылбай калган жумуштар карыздар үчүн 5821,0 миң сом бекитилсин.
30. Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу көчөлөргө түнкү жарыктандыруулар үчүн 8300,0 миң сом бекитилсин.
31. Алдын ала каралбаган чыгымдар үчүн 3000,0 миң сом бекитилсин.
32. Базар-Коргон шаардык кеңешинин жана шаар мэриясынын аппаратынын кенже тейлөө персоналына, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн ишканаларынын кызматкерлерине эмгек акылары аз болгондуктан кошумча компенсация төлөнүп берилсин.
33. Базар-Коргон шаарынын Жергиликтүү бюджетинде 2025-жылдын 01-январына карата бюджеттик кодекстин 110-беренесине ылайык кызматкерлердин бир айлык эмгек акы өлчөмүнөн кем эмес акча каражаты калтырылсын.
34. Базар-Коргон шаарынын 2025-жылкы бюджетинин аткарылышында толуктоо өзгөртүү киргизүү шаардык кеңештин токтомунун негизинде киргизилсин.
35. 2025-жыл ичинде үнөмдөлгөн акча каражаттары Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан керектүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн жумшалсын.
36. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
37. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
38. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |