Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №3
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттен калган каражаттарды пайдалануу жөнүндө
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2024-жыл ичинде иштетилбей калган 17496,7 миң сом акча каражатын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджеттен такталган планына отургузуу боюнча шаардык кеңештин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кенешинин II-чакырылышынын V–сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2024-жыл ичинде иштетилбей калган 17496,7 миң сом акча каражаты 2025-жылга карата жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттары боюнча чыгаша бөлүгүнө –
а) 70111-разделдин 3112-статьясына +2000,0 миң сомго
б) 70443-разделдин 3111-статьясына +10596,7 миң сомго
в) 70629-разделдин 3112-статьясына +4900,0 миң сомго
Жалпысы болуп 17496,7 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдердин элементтерине отургузулсун.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |