Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №4
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 1-январына карата калдык болуп атайын каражаттан калган каражаттарды пайдалануу жөнүндө
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2024-жыл ичинде атайын каражаттар эсебинен калдык болгон 111,9 миң сом акча каражатын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттары боюнча такталган планга отургузуу боюнча шаардык кеңештин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кенешинин II-чакырылышынын V –сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2024-жыл ичинде атайын каражаттар эсебинен иштетилбей калган 111,9 миң сом акча каражаты 2025-жылга карата жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттары боюнча чыгаша бөлүгүнө –
а) 70911-разделдин 2218-статьясына +111,9 миң сомго отургузулсун.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |