Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №5
Базар-Коргон шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым ставкасын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 24-главасынын 74,-75,-76-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Нуркамиловдун 08.01.2025-жылкы чыгыш №01-2/1 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым ставкасынын жеке жактар жана юридикалык жактар үчүн 100 сомго бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Ө.М. Мурзаевге жана Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Нуркамиловго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |