Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №6
Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын, Базар-Коргон шаардык кеӊешинин регламентинин 22-главасынын негизинде, шаардык кеӊештин туруктуу комиссия төрагаларынын жана депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылга карата иш-планы бекитилсин.
2. Базар-Коргон шаардык кеӊешинин 2025-жылга бекитилген иш планынын аткарылышын камcыз кылуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине жана шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин вице төрагасы М.А.Урмаматовго милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |