Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №7
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 27,34,45-беренелерин аткарууга алып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата аткара турган иш-планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жана мэриянын аппарат жетекчиси К.Раевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин вице төрагасы М.А.Урмаматовго милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |