Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №8
Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу Үч-Эмчек участкасынан парк куруу үчүн 200,0 гектар жер аянтын айыл чарба категориясынан калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктун аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү тууралуу” №169 токтомуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевдин 20.01.2025-жылкы чыгыш №01-17/112 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл чарба, муниципиалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл-Мурас” Улуттук компаниясынын иш жүзүнө ашыруу максатында, Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу Үч-Эмчек участкасынан парк куруу үчүн 200,0 гектар жер аянтын, анын ичинде шаар тургундарынын үлүш жери же ижарага алган жер аянттарын мыйзам чегинде эске алуу менен айыл чарба категориясынан калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жана Базар-Коргон шаарынын мэриясынын жер адиси А.Б.Болотбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |