Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №9
Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылынын Көкчөгөз участкасында жайгашкан 2,85 гектар жер аянтын муниципалдык менчик реестрине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасыны “Жер кодексинин” 18-беренесинин 2-пункту, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-, 34-,45-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 12.04.2024-жылдагы №10/2-10-24 сунуштамасына, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.О.Осмоновдун 23.08.2024-жылдын чыгыш №01-17/202 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V-сессиясы токтом кылат:
1. 2024-жылдын 14-августундагы Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясынын №1-токтомунун негизинде Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылынын Көкчөгөз участкасында жайгашкан 2,85 гектар жер аянтын мэриянын муниципалдык менчик реестрине тиркемеге ылайык кабыл алууга макулдук берилсин.Тиркеме №1 тиркелет.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |