Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №10
Базар-Коргон шаарынын аймагындагы жеке менчик жер аянтарынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренеси, 18-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Юсупжановдун каттарына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын Вокзальный көчөсүндөгү Бадалбаева Инабатхан Уринбаевнага таандык идентификациялык номери 3-02-03-0001-0576 (2200,0 чарчы метр) жер тилкесини курулуш куруу максатынан комерциялык дүкөн (соода комплекси) багытына өзгөртүп берүү, Базар-Коргон шаарынын К.Култаев көчөсүндөгү Батиров Рустамжанга таандык идентификациялык номери 3-02-02-0017-0156 (122,4 чарчы метр) жер тилкесини курулуш куруу максатынан комерциялык дүкөн (тигүү цехи) багытына өзгөртүп берүүгө жана Базар-Коргон шаарынын Б.Осмонов көчөсүндөгү Арапбаев Мээрбек Тынарбековичке таандык идентификациялык номери 3-02-02-0001-1019 (500,0 чарчы метр) жер тилкесин курулуш куруу максатынан турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жана Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу муниципиалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |