Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №12
Базар-Коргон шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып, Базар-Коргон шаарынын вице-мэри Т.Исаевдин, Базар-Коргон шаарынын “Замандаш” саясий партиясынын депутаттарынын, Базар-Коргон шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы М.Кадировдун сунуштарынын жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Укук жана мыйзамдуулук, архитектуралык курулуш” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V–сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана билим берүү тармагына кошкон зор салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги Абдрахманова Батмакан Артыкматовнага, Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи төрагасы Садыков Замирбек Шакировичге жана көп жылдар бою Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн орун басары болуп иштеп кеткен Тешебаев Мухаммадюнус Маматкаримовичге Базар-Коргон шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын, жана тапшыруу аземи даталуу күндө берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |