Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №13
Базар-Коргон шаарындагы №18 Периште балдар бакчасына кошумча бир тайпа ачып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесин, 29-беренесинин 6-пунктун, Өкмөттүк акселератор программасынын ”Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” программасын аткарууга алып, 21.01.2025-жылдагы №01-17/138 сандуу Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарындагы №18 Периште балдар бакчасына кошумча бир тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Мирзабаевге милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |