Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №14
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын сунушу боюнча кредит алууга жана мүлктөрдү күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34,45-беренелерин аткарууга алып, 19.02.2025-жылкы №01-28/393 сандуу Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен таза суу жана канализация системасын калыбына келтирүү долбоорунун негизинде Базар-Коргон шаарына жалпы 4 200 000 евро бөлүнгөн анын ичинен 2 100 000 евро грант, 2 100 000 евро кредит. Долбоордун шарттары боюнча кредит 1% пайыз +Euribor өзгөрүлүп туруучу пайыздык коюм аркылуу жана ошондой эле 4 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен 15 жылга берилет. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин талабы жана Базар-Коргон шаарынын мэриясынын сунушу боюнча 2 100 000 евро кредит алууга жана мүлктөрдү күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жана Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы “Базар-Коргон сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Араловго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |