Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясынын жыйынынын
2025-жылдын 24-январы № 3/1
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин пайдаланылбай калган калдык каражатынын эсебинен “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКнан айыл өкмөтүнө лизингдик жол менен погрузчик сатып алууга, 2024-жылы түзүлүп калган келишимдин негизинде Ылай-Талаа айылынын жаңы конуштагы көчөсүнө электр мамычаларын койдуруп зымдарын тарттырууга жана долбоордун өздүк салымы катары Токбай-Талаа айылынын таза суусуна ПСД жасатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 2-главасынын 27-“Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу жөнүндөгү” беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин” VI бөлүмүнүн 9-главасынын 47-беренесинин 1-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетинин пайдаланылбай калган суммасы тууралуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Козуевдин маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетинин пайдаланылбай калган 3 490 600 (үч миллион төрт жүз токсон миң алты жүз ) сом акча каражатын “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКнан айыл өкмөтүнө лизингдик жол менен погрузчик сатып алуу, 2024-жылы түзүлүп калган келишимдин негизинде Ылай-Талаа айылынын жаңы конуштагы көчөсүнө электр мамычаларын койдуруп зымдарын тарттыруу жана долбоордун өздүк салымы катары Токбай-Талаа айылынын таза суусуна ПСД жасатуу үчүнчыгымдоого макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |