Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 24-январы № 3/1.1
"Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен фронталдык жүктөгүч атайын техникасын сатып алуу жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн техникалык паркын жаңылоо үчүн жана автотехникалардын жетишсиздигине байланыштуу фронталдык жүктөгүчатайын техникасын лизинг менен “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу сатып алуу зарыл болгондугу жөнүндө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу баасы 52 000 (элүү эки миң) АКШ доллары (лизинг келишим түзүлгөн датага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эквиваленти) жылдык 11 (он бир) пайыз, 6 (алты) жылдык мөөнөткө төмөнкү атайын техниканы алууга макулдук берилсин:
- Фронталдык жүктөгүч
2. Лизингдин жалпы баасынан 30 (отуз) пайыз өлчөмүндө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 15 600 (он беш миң алты жүз) АКШ доллары кошулсун.
3.Өздүк салымдан сырткары лизингге алынган атайын техниканын бажы жагынан жол-жоболоштуруусу, каттоосу, атайын техниканын бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган атайын техниканын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
4.“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге ыйгарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага: | А. Мойдунов |