Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясынын жыйыны

2025-жылдын 24-январы № 3/3

Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 20.01.2025-жылдагы № 01-4/17 чыгуу санындагы катына ылайык Турак жайга же жайга мүлк салыгынын базалык салыктык наркын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 4-“Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо” пунктуна ылайык турак жайга же жайга мүлк салыгынын базалык салыктык наркын бекитүү боюнча Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юрист, кирешелер боюнча башкы адиси А.Абакировдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа  айыл аймагынын айылдык   Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ылай-Талаа айыл аймагында турак жайга же жайга мүлк салыгынын базалык салыктык наркы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген жаңы базалык салыктык нарк боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, 2025-жылдын план тапшырмасын аткарууну камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге милдеттендирилсин. 

3. Бул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы   Ылай-Талаа  айыл аймагынын айылдык    Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Мойдунов