Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-апрели № 182
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жер участокторун ижарага берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 2338-статьясынын 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 5511-пунктта "5510-пунктуна" деген сөздөр "5510, 5515-пункттарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5515-пункт менен толукталсын:
"5515. Эгерде жер участогу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган негиздерде мамлекеттик менчикке өткөн болсо, ал жер участогуна мамлекеттик менчик укугу пайда болгонго чейин аны пайдалануучу болуп саналган жакка, ошондой эле ошол жер участогунда жайгашкан имараттардын жана курулмалардын менчик ээсине түз өткөрүп берүү жолу менен ижарага берилиши мүмкүн.
Баланс кармоочу ижарачы менен жер участогунун мурдагы менчик ээси менен түзүлгөн шарттарда жер участогуна ижара келишимин түзөт.
Баланс кармоочу жеке менчикте турган имараттын жана курулуштун менчик ээси менен жер участогуна ижара келишимин түзөт, анын шарттары тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 31 (3687) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |