Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-сентябрындагы № 102
“Талас облусунун Талас районунун Арал айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек араларын бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, берилген иш-кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында кезектеги сессия токтом кылат:
1. Талас облусунун Талас районунун Арал айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы» аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТОС) эсептик каттоого алынсын.
2. Талас областынын Талас районунун Арал айылдык аймагынын ТОС “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек аралары Арал айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.
3. Арал айыл өкмөтүнүн/айылдык кеңештин ыйгарым укуктуу адиси тарабынан жүргүзүлгөн ТОС органдарын каттоо журналына киргизилсин.
4. Бул Токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Көчөрбаев Айбек Тынчтыкбековичке жүктөлсүн.
Төрага | А.С.Кыдыров |