Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-сентябрындагы № 101
Жаңы түзүлгөн кызмат ордуна эмгек акысын кароо жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүнө ылайык жаңы түзүлгөн бош айыл чарбасы жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адистик кызмат ордуна эмгек акысын кароо жөнүндө каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып кезектеги сессия токтом кылат:
1. Арал айыл өкмөтүнүн жаңы түзүлгөн бош айыл чарбасы жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адистик кызмат ордуна 2022-жылдын ноябрь жана декабрь айларынын эмгек акысына 34,0 миң сом, соц. фонд. төлөмдөрүнө 5,9 миң сом акча каржаты каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |