Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябрындагы № 103
Күрөш залын курууга макулдук берүү жөнүндө
Айыл тургуну Жусупбеков Эмилбектин жеке жер участогуна күрөш залын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү жөнүндө демилгесин жана айыл тургундарынын айылдын күн чыгыш тарабына спорттук имараттарды куруу жөнүндөгү арыз кайрылууларын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл тургуну Жусупбеков Эмилбекке тиешелүү( “Эркинбек“ магазинин артындагы) жер участок айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Өткөрүлүп алынган жерн участокко күрөш залын салууга макулдук берилсин.
3. Күрөш залын салууга тиешелүү юридикалык документтерди жана күрөш залды куруунун сметасын даярдоо жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө коюлсун
Төрага | А.С.Кыдыров |