Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-сентябрындагы № 98
Манас эпосунун үчилтигин боюнча өткөрүлгөн иш чарага катышуу жөнүндө
КР Президентинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин ( Манас, Семетей,Сейтек эпостору)” жайылтуу чаралары жөнүндө №126 -Жарлыгын аткарууга алып, Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында боло турган республикалык деңгээлдеги иш-чарага катышуу жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында боло турган республикалык деңгээлдеги иш-чарага катышууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 25
( жыйырма беш ) миң сом акча каражаты каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |