Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-сентябрындагы № 96
Айыл аймагында мектеп, мекеме-уюмдардын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө
Айыл аймагындагы аймагында мектеп, мекеме-уюмдардын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө жетекчилердин маалыматтын угуп жана талкуулап чыгып,кезектеги сессия токтом кылат :
1. Айыл аймагындагы мектептердин аткарган иштери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. М.Сейталиев орто мектебинин курлуш иштерин 3 күндүн ичинде бүтүрүп, окуу процессин үзгүлтүккө учурабай сабактардын толук кандуу өтүлүшүнө шарттар түзүлсүн.
3. М.Сейталиев орто мектебинин ремонт иштеринин жаңы окуу жылына чейин бүткөрүү үчүн тиешелүү мекеме уюмдар менен аракет кылбагандыгы жана ушул мезгилге чейин эскертүүчү кат жолдобогондугу үчүн Арал айыл өкмөтүнүн башчысына “Эскертүү” берилсин.
4. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө коюлсун
Төрага | А.С.Кыдыров |